КЫЛ ЖУГУЗБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Абдан таза кармоо, таза урунуу, таза асыроо. Атына жараша өзү да, такай боюна жарашыктуу кийинип, үстүнө кыл жугузбай, сакал, мурут, чач-пачты ар дайым тегиздетип, галстукту мойнунан түшүрбөй чыкыйып жүрөт («Ала-Тоо»). 2. Начар жактарын жашырып, аябай мактай берүү, ашыра мактоо, өтө еле көтөрө чалуу. -Сиз, жолдош башкарма баарына эле кыл жугузбай актап атасыз, а өрт кандайча чыгат? Билишиңиз керек (Осмоналиев).